КР ТИМдин 2022-жылдын 14-августундагы маалыматтык билдирүүсү

830

Жакында Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин кызматкерлеринин Москва шаарындагы кыргыз диаспора уюмдарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусу боюнча видеотасма социалдык тармактарда таралганына байланыштуу Министрлик төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын жетекчилиги Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана анын чет өлкөлүк ведомстволорунун алдына чет өлкөдөгү мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча бекем милдетти койду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Коллегиясынын чечими менен 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бардык элчиликтери жана консулдуктары кыргыз диаспорасы менен активдүү жана туруктуу өз ара аракеттенүүгө, Кыргыз Республикасынын жарандарына кызмат көрсөтүүлөрдө (консулдук) коомдук ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Буга байланыштуу Россиядагы Кыргызстандын жарандары тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча, анын ичинде республиканын жетекчилигинин жогоруда аталган тапшырмаларын аткаруу бөлүгүндө Элчилик менен кошумча консультациялар өткөрүлөт.

Министрлик Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине Россиядагы кыргыз диаспорасы менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү боюнча жеке тапшырма берди.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү, биринчи кезекте Россия Федерациясындагы кыргызстандыктардын укуктук абалына туруктуу көзөмөл жүргүзүп жатканын баса белгилейбиз.

Кыргызстандын жарандарынын Россияда болушунун бардык актуалдуу маселелери, анын ичинде миграциялык каттоо көйгөйү россия тарабы менен мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн дээрлик бардык деңгээлдеринде үзгүлтүксүз талкууланып жатат.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK