Россия Федерациясынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2022-жылдын 20-сентябрында Элчиликтин кызматкерлери Сахарово айылында жайгашкан Москва боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин (ЦВСИГ) Башкы башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды кармоо борборуна барышты.

835

        Аталган Борбордогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо шарттары менен таанышкан соң, Элчиликтин консулу М.Жолдошбековдун катышуусунда мекендештер менен жолугушуу болуп өттү.

        Ар кандай маселелер, анын ичинде аларды документтештирүү жана мекенге жөнөтүүнү тездетүү маселелери көтөрүлүп, аларга ар тараптуу жооптор берилди. Ошондой эле кызыкдар жарандар үчүн сот актыларына апелляциялык тартипте даттануу боюнча кеңири маалымат берилди.

       2022-жылдын 20-сентябрына карата аталган Борбордо Кыргыз Республикасынын 110 жараны, анын ичинен 5 аял кармалып турат.

       Кыргыз Республикасынын 7 жараны боюнча Россия Федерациясынын сот органдарынын чечимдери күтүлүүдө, 5 жаранга карата карыздарды кайтаруу боюнча соттук-аткаруу тизмелери бар.

      Борбордогу кармоонун шарттары боюнча даттануулар жана арыздар жок.

Борбордун жетекчиси А.В.Лагода берген маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын калган жарандары үчүн Кыргыз Республикасына депортациялоо максатында жол жүрүү документтерин документтештирүү жана сатып алуу чаралары көрүлүүдө.

      Бул жолугушуунун жыйынтыгында биздин жарандарды документтештирүү жана Кыргыз Республикасына жөнөтүүнү тездетүү маселелерин чечүү үчүн Борбордун Элчилик менен ыкчам өз ара аракеттенүүсү боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK