2022-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Россия Фелерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн башчысы М.М. Жолдошбеков Москва шаары жана Москва облусу боюнча "Кыргыз Биримдиги" коомдук уюмунунун активисттери менен жолугушуу өткөрдү.     Жолугушууда, акыркы учурда, Россияда эмгектенип жүргөн мекендештерибизди тынчсыздандырып жаткан жарым-жартылай аскердик мобилизация боюнча маселелер талкууланды.

738

2022-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Россия Фелерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн башчысы М.М. Жолдошбеков Москва шаары жана Москва облусу боюнча "Кыргыз Биримдиги" коомдук уюмунунун активисттери менен жолугушуу өткөрдү.
    Жолугушууда, акыркы учурда, Россияда эмгектенип жүргөн мекендештерибизди тынчсыздандырып жаткан жарым-жартылай аскердик мобилизация боюнча маселелер талкууланды.
    Элчиликтин өкүлү кырдаал боюнча толук түшүндүрмөлөрдү берип, Россия аймагында убактылуу эмгектенип жүргөн кыргыз жарандарына жарыяланган аскердик мобилизациянын эч кандай тиешеси жок экенин билдирип, мекендештерибизди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
    Жолугуушунун катышуучулары кыргызстандыктарды ар кандай провокацияларга алдырбоого, Россия Федерациясынын аймагында жүргөндө бейрасмий маалыматтарды колдонбоого, ошондой эле уруксат берилбеген массалык иш-чараларга катышпоого чакырышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK