2022-жылдын 30-ноябрында Элчиликте Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Саматтын Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты М.Е.Старшиновдун катышуусунда кыргыз аймактык диаспора уюмдарынын жана бирикмелеринин активисттери менен жолугушуусу болуп өттү.

853

Жолугушуунун жүрүшүндө талкууланган актуалдуу темалардын бири Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында мыйзамдуу жүрүүсүнө, ошондой эле алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга байланышкан маселелер болду.

Мындан тышкары, катышуучулар Москва шаарында жана Москва облусунда жүргөн Кыргыз Республикасынын эмгекчи жарандарынын арасында спорттук иш-чараларды жайылтуу жана уюштуруу боюнча пикир алышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында, катышуучулар конкреттүү спорттук долбоорлорду ишке ашырууга байланышкан маселелерди талкуулоо үчүн үстүбүздөгү жылдын декабрь айында өзүнчө жыйын өткөрүү боюнча макулдашууга жетишти.

Өз кезегинде кыргыз аймактык диаспора бирикмелеринин активисттери мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда маанилүү маселелерди талкуулоо жана пикир алмашуу үчүн сунушталган форматта жолугушууларды өткөрүүнүн натыйжалуулугун белгилешип, ошондой эле ушул сыяктуу иш-чараларды улантууга кызыкдарлыгын билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK