2022-жылдын 1-декабрында Санкт-Петербург шаарында Федералдык мамлекеттик бюджеттик мекеменин «Санкт- Петербургдагы жогорку окуу жайлар аралык студенттик шаарча» Спорт борборунда кичи-футбол боюнча XIX эл аралык турнирдин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

644

2022-жылдын 1-декабрында Санкт-Петербург шаарында Федералдык мамлекеттик бюджеттик мекеменин «Санкт- Петербургдагы жогорку окуу жайлар аралык студенттик шаарча» Спорт борборунда «Мектепте кичи-футбол» бүткүл россиялык долбоорунун финалынын алкагында балдар командалары болуп саналган балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары арасында кичи-футбол боюнча XIX эл аралык турнирдин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Турнирди АНО «Виктория-Питер» спорт клубу, Россия Федерациясынын Спорт министрлиги менен биргеликте «Добродушье» кайрымдуулук фонду, Россиянын мини-футбол ассоциациясы, Санкт-Петербургдун Өкмөтү менен биргеликте Санкт-Петербург шаарынын Футбол федерациясы уюштурду.

Турнирге Кыргызстандын (Чүйдөгү жетим балдар үйүнүн жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар мектеп-интернатынын тарбиялануучулары), Санкт-Петербург, Ленинград жана Тверь облустарынын, Курск, Иркутск жана Россиянын башка шаарларынын футболчулары катышууда.

Турнирдин биринчи күнүндө Кыргызстандын жаш футболчулары Санкт-Петербургдун командасы менен беттешип, эки таймдын жыйынтыгында 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. Турнир ушул жылдын 1-декабрынан 4-декабрына чейин өтөт.

Иш-чаранын уюштуруучулары эл аралык турнирге катышуудан тышкары, жаш футболчуларды Санкт-Петербургдун кооз жерлери менен тааныштыруу, ошондой эле СКА-Динамо Минск хоккей оюнуна жана «Питерлэнд» аквапаркына алып баруу сыяктуу маданий программа менен да камсыздашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK