Ушул жылдын 4-декабрында Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы Кеңсесинин кызматкеринин катышуусунда кыргыз элинин руханий маданий мурасы – «Манас» эпосуна арналган иш-чара болуп өттү.

637

          Майрамдын катышуучуларын онлайн тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Ж.К.Орозобекова куттуктады.

         Иш-чарада Элчиликтин Кеңсесинин кызматкери кыргыз элинин руханий маданиятынын туу чокусу болгон «Манас» эпосун сактоонун, аны муундан-муунга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, улуу муундун өкүлдөрү - Южно-Сахалинск шаарындагы кыргыз диаспорасынын активисттери «Манас» эпосунун жаралуу тарыхы, манасчылар, ошондой эле эпостун изилдөөчүлөрү тууралуу айтып беришти.

     Ал эми учурда Южно-Сахалинск шаарындагы мектептерде билим алып жаткан жаш муундун өкүлдөрү, ошондой эле кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып беришти. Майрамда ошондой эле улуттук аспап комузда ойнолгон күүлөр жаңырып, мектеп окуучуларынын “Ак марал” бий тобу көрүүчүлөргө кыргыздын улуттук бийлерин тартуулашты.

         Иш-чара Южно-Сахалинск шаарындагы «Мурас-Наследие» кыргыз маданий борборунун жетекчиси А.Мукашева тарабынан даярдалды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK