Элчи Б.Аманбаев Кыргызстанда IT тармагын өнүктүрүү жолдорун талкуулады

1967

2021-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Бактыбек Аманбаев Эстония Республикасынын элчиси К.Прикк менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда Элчи Б.Аманбаев Эстониянын IT тармагындагы ийгиликтерине жана калктын интернет колдонуу тажрыйбасына кызыгып, Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун аталган тармактарды өнүктүү боюнча пландары менен тааныштырып, азыркы убакта кыргыз жаштарынын дүйнө жүзү боюнча аталган чөйрөдө ири ийгиликтерди жаратып жатканын маалымдады.

Элчи К.Прикк өз сөзүндө Эстония өкмөтүнүн соңку жылдары санариптик технологияны колдонуу жана IT технологиянын Software жана Hardware тармактарын өнүктүрүүдө олуттуу ийгиликтерге жетшүүсүнүн себебин аталган тармакты өнүктүрүүгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, бул багытта иш алып барган ишкерлерге жетишээрлик деңгээлде укуктук жана каржылык колдоо көрсөтүлүшү менен түшүндүрдү. Ошондой эле ал учурда Эстония IT багытындагы адистерди даярдоого мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп, жаңы өндүрүштөрдү ачып, ал тургай робортторду чыгаруу боюнча ири долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын кошумчалады. Жолугушуунун соңунда эки тарап аталган тармакта мамлекеттик деңгээлде тажрыйба алмашып, чогуу иш алып баруу боюнча макулдашты.

Маалымат үчүн: Эстония калкты интернет менен камсыздоо боюнча Европадагы алдынкы өлкөлөрдүн катарын кирет, ал эми калкынын 97,9% интернетке туташылган. Маалыматтык технологияларды өнүктүрүү рейтингинде Эстония дүйнөнүн 142 өлкөсүнүн арасында 17-орунда турат, ал эми интернеттин ачыктыгы боюнча рейтингинде ишенимдүү түрдө алдынкы орунду ээлейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK