Канада өлкөсүндө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары арасында Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти менен биргеликте консулдук тейлөө иштерин жүргүздү

516

 

2019-жылдын 16-17-ноябрында Монреаль шаарында Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчиликтин кызматкери жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин кызматкерлери Канадада жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары арасында консулдук тейлөө иштерин жүргүздү.

Бул консулдук иш сапарынын алкагында Элчиликтин тарабынан элүүдөн ашык Кыргызстандын жарандарына консулдук кызматтар берилди. Алардын арасында жалпы жарандык паспорт алмаштырууга жана жаңы паспорт тариздөөгө, туулгандыгы тууралуу күбөлүк тариздөөгө, консулдук каттоого туруш үчүн арыздар алынды, ошондой эле нотариалдык кызматтар көрсөтүлүп, биометрикалык маалыматтар алынды.

Ошол эле учурда ТИМдин жана Элчиликтин кызматкерлери жүзгө жакын Кыргызстандын жарандарына ар кандай консулдук маселелер боюнча консультация жана кеңештер беришти. Андан сырткары, Канада өлкөсүндө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына 2020-жылы парламенттик шайлоолор боло тургандыгы, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоого багытталган Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп турган иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат берилди.

Өз тарабынан, Элчилилик келерки жылы Канада өлкөсүнө консулдук иш-сапарларын пландаштырып жатат. Ошон үчүн, Facebook, Instagram, Twitter социалдык маалыматтык тармактарындагы КРнын АКШ жана Канададагы Элчиликтин баракчаларына жазылып, Элчиликтин ишмердүүлүгү, жасалып жаткан иштер, өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу маалымат алып турууга чакырабыз.

 

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK