Америка Кошмо Штаттарындагы Кыргыз Республикасынын Элчиси Б.Отунбаев Борбор Азия мамлекеттеринин элчилери жана жаңы дайындалган Мамлекеттик катчынын жардамчысынын биринчи орун басары/АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбордук жана Түштүк Азия боюнча Бюросунун Башчысынын м.а. Т.Вайда менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу

831

2020-жылдын 8-июнунда Америка Кошмо Штаттарындагы Кыргыз Республикасынын Элчиси Б.Отунбаев Борбор Азия мамлекеттеринин элчилери жана жаңы дайындалган Мамлекеттик катчынын жардамчысынын биринчи орун басары/АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбордук жана Түштүк Азия боюнча Бюросунун Башчысынын м.а. Т.Вайда менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар COVID-19 коронавирусунун пандемиясынын терс кесепеттерине каршы туруу, региондук экономикалык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты. Бюронун башчысы Т.Вайда «С5+1» форматына катышкан өлкөлөрдөн Афганистанды калыбына келтирүү боюнча экономикалык долбоорлорго Борбор Азия өлкөлөрүнүн компанияларынын кеңири катышуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга жардам сурады. Ошондой эле тараптар «С5+1» форматындагы жогорку деңгээлдеги виртуалдык жолугушуу пландарын талкуулашты.

АКШдагы Кыргыз Республикасынын Элчиси Б.Отунбаев Кыргыз Республикасына COVID-19 коронавирусунун чыгышына каршы күрөшүүдө АКШнын Өкмөтү көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип жана америкалык тарапка Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен аймактык кызматташууну чыңдоого даяр экендигин билдирди.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK