Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Н.К.Шайлдабекова менен өткөн виртуалдуу маек тууралуу

1499

 

2020-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Н.К.Шайлдабекованын Түндүк Америка жана Европадагы өлкөлөрүндө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен видеоконференция форматында жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуусуна байланыштуу маселелер талкууланды. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын БШК төрайымы жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери Кыргызстандын жарандарын шайлоочулардын тизмелерине киргизүү, консулдук каттоого туруу, биометрикалык маалыматтарын тапшыруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байланышкан башка маселелер жөнүндө маалымат беришти.

№9034 шайлоо участогундагы (Вашингтон шаары, АКШ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин бул жерден текшерсеңиздер болот: https://mfa.gov.kg/kg/dm/kyrgyz-respublikasynyn-aksh-zhana-kanadadagy-elchiligi-5ee07471a70c5/news/7994

 

 

 

 

 

 

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK