2020-ж. 6-7-сентябрында Калифорния штатындагы Сан-Хосе шаарында жашаган Кыргызстандын жарандарына Кыргыз Республикасынын Элчилиги консулдук тейлөө иштерин жүргүздү

731

Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына алдыдагы парламенттик шайлоодо добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 2020-жылдын 6-7-сентябрында Элчиликтин кызматкерлери Сан-Хосе шаарына сапары менен барды (Калифорния).

Калифорнияда жана ага жакын жайгашкан штаттарда жашаган активисттер жана диаспоралардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Элчиликтин кызматкерлери жарандарды консулдук каттоого тургузуп, биометрикалык маалыматтарды топтошту, ошондой эле мекендештерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу тартиби, укуктарды коргоого багытталган саясат жана Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү үчүн автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды ишке ашыруу боюнча жана чет өлкөлөрдө жашаган жарандардын кызыкчылыктары коргоо тууралуу маалыматты беришти.

Шайлоого даярдык көрүү боюнча жүргүзүлгөн иштер менен катар Элчиликтин кызматкерлери консулдук жана нотариалдык кызматтарды, анын ичинде паспортторду алмаштыруу алуу боюнча арыздарды кабыл алуу, ишеним каттарды берүү, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү берүү жана башка кызматтарды аткарышты.

 

 

 

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK