Маданий-гуманитардык кызматташуу

Ар кандай иш-чараларды уюштуруу аркылуу улуттук тарыхты жана маданиятты, ошондой эле Кыргызстандын тарыхый инсандарын таанытуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдгына карата 2021-жылдын 31-августунда Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башкы аянтында Айкөл Манастын эстелигинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Элчиликтин демилгеси менен Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетиндеги Түрк тарых паркында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун эстелиги орнотулду. Анын ачылыш аземи 2021-жылдын 1-октябрында болуп өттү.

Ошентип, Анкарадагы Чубук жана Чанкая муниципалитеттеринин башчылары менен жетишилген макулдашуунун натыйжасында азыркы учурда Чанкаядагы Ч.Айтматов атындагы сейил багын түзүү иштери жүрүп жатат, ал эми Чубуктагы Курманжан Датка атындагы сейил бак бүтүрүү этабында.

Маданий кызматташтык эки тараптуу деңгээлде да, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун алкагында да ишке ашырылууда. Жакында эле Нооруз майрамына карата ТҮРКСОЙ менен биргеликте уюштурулган майрамдык концерттер өттү. 13 түрк тилдүү жана Балкан өлкөлөрүндөн 250дөн ашуун өнөрпоз эл аспаптар оркестринин коштосунда бий жана ыр тартуулады. Анын ичинде КыргызстанданШаттык,Керемет, Наристе-Кызгалдакбий топтору жанаAкак комузчулар тобу өнөрлөрү менен көрүүчүлөрдү суктандырды.

Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эң маанилүү маданий иш-чаралар – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Кийинки, төртүнчү Көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 2022-жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин өтөт.

Гуманитардык кызматташтыктын маанилүү багыты Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркиянын ооруканаларында бекер дарылануусу болуп саналат. 2019-жылдын май айында эки тарап кол койгон протоколго ылайык жылына бөлүнгөн квота 100дөн 150ге чейин көбөйгөн. Коронавируска байланыштуу 2020-жылдын февраль айында түрк тарап кыргыз тарап менен гана эмес, башка чет мамлекеттер менен бул Макулдашууну ишке ашырууну убактылуу токтоткон.

Билим берүү тармагындагы кызматташтык – негизги багыттардын бири болуп саналат. Бул кызматташтыктын алкагында ТРнын ЖОЖдорунда бюджеттик жана контракттык негизде 1649 студент жана 19 курсант билим алууда. 2021-2022-окуу жылына карата ТРнын 1048 жараны КРнын ЖОЖдорунда билим алууда.