Түркиянын Президенти Р. Эрдоган «Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосунда Социалдык камсыздандыруу келишимин ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду

673

Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Түрк Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу келишимин ратификациялоо жөнүндө №7230 Мыйзамга кол койду.

Келишимдин максаты социалдык камсыздоо жаатында эки республиканын жарандары үчүн бирдей укуктарды түзүү. Келишимге ылайык, мыйзамдуу негизде иштеген жана камсыздандыруу акысын төлөгөн эки республиканын жарандары Кыргызстанда жана Түркияда пенсияларды жана жөлөкпулдарды алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу келишимине 2018-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун Түркияга расмий иш сапарынын алкагында кол коюлган жана 2018-жылдын 20-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK