ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу болуп өттү

2566

2021-жылдын 19-майында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар алдыдагы тышкы саясий иш-чараларды, буга чейин жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулашты, кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана аймактык кырдаал боюнча ой пикирлер менен алмашышты.
Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда буга чейин каттаган темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну жана унаа кыймылын толук кандуу жандандыруу маселелерин талкуулашты.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча кыргыз тарабынын иш-аракеттерин кубаттады жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессин улантуунун зарылдыгын белгиледи.
Тараптар союздаш мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана кеңейтүү максатында өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарын мындан ары активдештирүүгө бекем ниеттерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK