Маалыматтык билдирүү

2542

Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги Тажикстан Республикасынын аймагында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуусу башталганын жарыялайт.

Бул жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 25 бюджеттик орун бөлүнгөн.

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшырууга конкурска катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди бериши кажет:

1. Министрдин орун басарынын атына арыз.

2. Анкета.

3. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн орус тилине же кыргыз тилине которулуп, нотариустан тастыкталган көчүрмөсү.

4. Тиркемелери менен кошо билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) орус тилине же кыргыз тилине которулуп, нотариустан тастыкталган көчүрмөсү.

5. Билим деңгээли тууралуу маалым кат.

6. Үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалым кат.

7. Талапкерлердин академиялык чөйрөдөгү жетишкендиктерин тастыктай турган сертификаттар, грамоталар, дипломдор.

8. 086-у медициналык маалым каты.

9. ВИЧ/СПИД жоктугу тууралуу маалым кат.

10. 3х4 см 6 сүрөт

Документтер ушул жылдын 30-августуна чейин кабыл алынат. Кабыл алуу убактысы: саат 14.00дөн 16.00гө чейин.

Кошумча маалыматтар үчүн Душанбе ш., Соид Носир көч., 56а үй дареги боюнча, тел.: (+992887782223), e-mail: kg@kgembassy.tj

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK