Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо

2008

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

Сиздердин шайлоо укуктарыңызды ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигининде (№ 9019 УШК) шайлоо участогу бекитилди.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодо турган жарандар тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Консулдук каттоодо турбаган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган шайлоочулар, Элчиликтин дарегине добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар. Бул иш чараны 2021-жылдын 15-ноябрына чейин аткаруу зарыл.

Каттоодон өтүү үчүн төмөндөгү талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту; 2. Сүрөт (3*4 см. - 2 шт.).

Каттоого тургандыгы үчүн консулдук жыйым алынбайт.

Ошондой эле шайлоочулардын алдын ала тизмеси Элчиликте бекитилген шайлоо участогунда таанышуу үчүн 2021-жылдын 19-сентябрында илинет.

Добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо участогундаа акыркы тизме илинет.

Элчиликтин дареги: 1-5-7 Mita, Minato-ku, Tokyo 108-0073.

Телефон: +81 3 6453 8277

Эскертүү: Шайлоочулардын тизмесине кирбеген жарандар шайлоого катыша албайт!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK