Токио шаарындагы Акабане мектебинин окуучуларына Кыргызстан жөнүндө ачык сабак уюштурду

3283

2018-ж. 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги Токио шаарындагы Акабане мектебинин окуучуларына Кыргызстан жөнүндө ачык сабак уюштурду. Окуучулар үчүн кыргыз Элчилигинин кызматкерлери, ошондой эле Японияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары чыгып сүйлөштүү.

Мектептин окуучулары үчүн презентация, тематикалык викторина, улуттук мызыкалдык аспаптар көрсөтүлдү жана Кыргызстандын жаратылышын чагылдырган фотостенд уюштурулду.

Ушуну менен бирге, Акабане мектебинин окуучулары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын дисциплиналарынын бири болуп саналган «Ордо» кыргыз улуттук оюну боюнча шамдагайлык жана тактика жагынан өз күчтөрүн сынап көрүштү.

Ачык сабак япон окуучуларына Кыргызстандын тарыхын жана салттарын тааныштыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түздү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK