Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлүнүн комментарийи

1442

- Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин ишмердүүлүгү тууралуу эмнелерди айта аласыз, азыр кандай иш алып барууда?

-Украинадагы биздин Элчилик өлкөдөгү оор жана кооптуу кырдаалга карабай жарандарыбыз менен дайыма байланышта. Учурда биздин Элчиликтин ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү маселеси Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү каалаган жарандарды эвакуациялоо бойдон калууда.

Украинанын аймагында өзгөчө кырдаалдын киргизилишине байланыштуу биздин жарандар үчүнчү өлкөлөргө эвакуацияланууда. Түзүлгөн маселелерди тез арада чечүү үчүн, мисалы, өткөрүү пункттарынан өтүүдө биздин Элчиликтин кызматкерлери эвакуацияланган жарандарды жеке коштоп жүрүшөт. Азыр биздин кесиптештерибиз Львов шаарында. Венгриядагы Элчилигибиз менен биргеликте иш жүрүп жатат.

Ошондой эле, биздин тапшырмабыз боюнча Кыргызстандын ардактуу консулдарынын жардамы менен Кыргызстандын жарандарын Харьков шаарынан Львов шаарына темир жол менен ташуу уюштурулууда. Эвакуациялоону каалабаган жарандарга корголуучу аймактарда калуу сунушталат.

- Элчинин чакыртылышына байланыштуу Украинанын Кыргызстандагы Элчилиги азыр иштеп жатабы деген суроого комментарий бере аласызбы?

-Украина элчилиги дагы деле иштеп, күнүмдүк ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Ошентип, 2022-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин Украинанын Элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө Украинадагы кырдаалды кошо алганда бир катар маселелер талкууланды.

Кыргызстан эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин алкагында мындан аркы курмандыктарга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн аскердик чыр-чатакты токтотууну жана аны саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана тынчтык жолу менен чечүүнү жактаганын, ошондой эле чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын кубаттай тургандыгын белгилей кетүү керек.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK