Элчи М.Арстанбаев Япония Парламентинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Эндо Тошиаки мырза менен менен жолугушту

1417

2022-жылдын 14-апрелинде кыргыз тарабынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаев менен Япония Парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаты Эндо Тосиаки менен жолугушуу болуп өттү.

Тараптар социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөгө арналган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча пикир алмашуу болду.

М.Арстанбаев эки тараптуу парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо үчүн парламентарийлердин эки тараптуу иш сапарларын ишке ашыруусу маанилүү экенин белгилеп, буга байланыштуу Т.Эндо мырзаны Кыргыз Республикасына иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Чакыруу кароого кабыл алынды.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK