Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө күбөлүк же ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүү зарылдыгын жокко чыгаруу жөнүндө

2022-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эмдөө күбөлүгүн же ПЦР тестин көрсөтпөстөн кире алышат.