Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик вице-министри Таро Хонда менен жолугушту

608

2022-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик вице-министри Таро Хонда менен жолугушту.

Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик вице-министри Т.Хонда менен жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги боюнча пикир алмашуу болду. Атап айтканда, А.Мадмаров менен Т.Хонда отуз жылдын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүүдө жетишкен ийгиликтерди канааттануу менен белгилешти. Алар көп тараптуу форматтарда, атап айтканда, «Борбор Азия + Япония» диалогунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн жана маанисин баса белгилешти.

Министрдин орун басары А.Мадмаров Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, анын ичинде Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) аркылуу Япония өкмөтүнүн колдоосун өзгөчө белгиледи. Тактап айтканда, кыргыз тарап Япония агенттиги аркылуу өлкөдө ири долбоорлорду өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчүн билдирди.

Мындан ары инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө салым кошкон «Бир айыл – бир продукт» долбоорун кеңейтүүгө, ошондой эле билим берүү жана өлкөнүн кадрдык потенциалын өнүктүрүү жаатындагы өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экендиги баса белгиленди.

Министрдин орун басары А.Мадмаров эки тарапты кызыктырган маселелердин бардык комплекси боюнча мындан аркы тыгыз иш алып барарына ишенимин билдирди, атап айтканда, эки өлкөнүн ортосунда жашыл экономика, инвестиция жана IT чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү.

Өз кезегинде Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик вице-министри Т.Хонда 2021-жылдын ноябрь айында Япониянын Премьер-министри Ф.Кишида менен Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Глазго шаарында Климат саммитинин жүрүшүндө биринчи жеке байланышы болгон жемиштүү жолугушууну белгиледи. Ал япон тараптын мындан ары да Кыргыз Республикасындагы экономикалык жана социалдык реформаларга көмөк көрсөтүү ниетин билдирди.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Япония үчүн юбилейлик жылда жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды, ошондой эле экономикалык, илимий жана маданий-гуманитардык иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алышты. Мааракелик датаны белгилөөнүн алкагында үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Токиодон келген япон барабанчыларынын жана Кыргыз-Япон адамдык өнүгү үборборунун Оодедайко барабанчылар тобунун катышуусунда концерт өткөрүүнү пландаштырууда.

Т.Хонда ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү боюнча жемиштүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар өз ара колдоо көрсөтүү боюнча сунуштарды кароого даяр экендиктерин билдиришти.

Сүйлөшүүнүн аягында тараптар кыргыз-япон мамилелеринин эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө болгон жалпы каалоолорун ырасташты.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK