Япония, Австралия жана Жаңы Зеландияга кирүү талаптары

332

Япония

2022-жылдын 1-июнунан тартып Японияга келген жүргүнчүлөр үчүн (чет элдик жана Япониянын жарандары) жаңы иммиграциялык эрежелер киргизилди. Япониянын Министрлер кабинети чет мамлекеттерди үч зонага бөлүү чечимин кабыл алды, булар: «кызыл», «сары» жана «көк».

Кыргыз Республикасы «көк» зонага киргендигине байланыштуу учуп келе жаткан жүргүнчүлөр келээрден 72 саат мурун жасалган терс ПЦР-тести гана талап кылынат.

Кыргыз Республикасында ПЦР-тести мурун-жуткундун же шилекейдин анализинин негизинде жүргүзүү керек. Жалгыз ооздон негизделген тесттин жыйынтыгы кабыл алынбайт. ПЦР-тесттин күбөлүгүндө англис тилинде төмөнкү маалыматты камтууга тийиш: изилдөө үчүн биоматериал (мурун жуткун же шилекей), жүргүнчүнүн толук аты-жөнү, паспортунун номери, диагностикалык ыкмасы, тесттин жасалган датасы жана убактысы ж.б.

Ошону менен бирге, ПЦР-тестинин япон үлгүсүндөгү сертификатын Кыргыз Республикасында толтурулган лабораториянын мөөрү менен бекитүү зарыл. Орус тилиндеги япон үлгүсүндөгү сертификатын Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин расмий веб-сайтынан же Япониянын Саламаттыкты сактоо, эмгек жана бакубаттуулук министрлигинин расмий веб-сайтынан жүктөп алса болот – https://www.mhlw.go.jp/content/000909645.pdf

Ошондой эле, Японияга учаардан мурун онлайн анкета толтурулушу керек - https://arqs-qa.followup.mhlw.go.jp/#/

 

Австралия

Австралияга келген бардык жүргүнчүлөр Санариптик жүргүнчү декларациясын (PDP) толтурушу керек – https://www.homeaffairs.gov.au/covid19/digital-passenger-declaration

DPDди учуууңузга жети күн калганда баштасаңыз болот, бирок аны Австралияга кетээрден мурун тапшырышыңыз керек. Учур алдында DPD тапшырбаган жүргүнчүлөр Австралияга келгенде ашыкча кечигүүлөргө туш болушу мүмкүн.

DPD толтурууда сизге төмөнкүлөр керек болот:

  • байланыш маалыматыңыз, анын ичинде Австралиядагы байланыш телефон номериңиз;
  • эмдөө статусуңузга байланыштуу юридикалык жактан милдеттүү билдирүүңүз;
  • акыркы 14 күндөгү саякат тарыхыңыз;
  • Австралияга жана сиз келүүнү пландаштырып жаткан штатка же аймакка кирүүдө колдонулуучу карантин жана тестирлөө талаптары, ошондой эле талаптарды аткарбагандыгы үчүн жазалар жөнүндө билдирүүңүз.

DPD тапшыраардан мурун, Австралия үчүн бардык башка саякат талаптарын текшериңиз. Саякатка чыгуудан мурун сизге керек болгон бардык документтердин тизмеси үчүн эмдөө алган саякатчылар – https://www.homeaffairs.gov.au/covid19/vaccinated-travellersжана эмделбеген саякатчылар – https://www.homeaffairs.gov.au/covid19/unvaccinated-travellersүчүн маалыматты караңыз.

 

Жаңы Зеландия

Жаңы Зеландияга саякаттаган ар бир адам саякатка чыгаар алдында декларация толтуруп– https://app.travellerdeclaration.govt.nz/#/splash  Travel Pass алышы керек.

Декларацияны толтурууда сизге төмөнкүлөр керек болот:

  • паспорт;
  • эмдөөнүн далили;
  • 14 күндүк саякат тарыхы;
  • байланыш маалыматтары;
  • шашылыш байланыш маалыматтары;
  • электрондук почта дареги (сизге кирүү мүмкүнчүлүгү бар);
  • учуу маалыматы.

Декларацияны кантип толтуруу керек - https://www.travellerdeclaration.govt.nz/how-to-complete-your-declaration

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK