Food Table 2020

2680

2020-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Арстанбаев “Food Table in Japan 2020” көргөзмөсүнө катышты.

2020-жылдын 12-14-февралында Макухари Мессе көргөзмөлөр комплексинде (Чибашаары), тамак-аш азыктарынын Япониядагы эӊ ири көргөзмөсү «Food Table in Japan 2020» өтүпжатат. Иш-чарага Кыргыз Республикасынан «Ноктюрн», «Ассоциация пчеловодов КыргызскойРеспублики», «Аман-Гринфуд», «Ала-тоо Honey», «ОСКО», «Алыш-Дан» компанияларыкатышып, уникалдуу бал азыктарын жана кургатылган жемиштерди тартуу кылууда.

Көргөзмө Япониянын такамтануу тармагынын рыногуна азыктарды таанытууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Негизги катышуучулары катары Япониянын тамактануу тармагынын (ашканалар, ресторандар, мейманканалар ж.б.) ири компаниялар (дүкөндөр, супермаркет) өкүлдөрү болуп саналат.   

Бул иш-чарага жыл сайын болжол менен 80-90 миң адам катышат. Көргөзмөгө катышууга келген КРнын өндүрүүчүлүргө өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

КРнын компаниялаы Японияга келүүсүнө Япониянын Россия жана Жаӊы эгемендүү мамлекеттер менен соода жүргүзүү боюнча ассоциациясынын (РОТОБО) чакыруусу/колдоосужана Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигиошондой эле Кыргыз Респуликасынын Япониядагы Элчилигинин колдоосу менен уюштурулду. 

Учурда, Кыргызыстанда өндүрүлгөн бал жыл сайын Японияда белгилүү болуп келүүдө, аны айрым Япониянын дүкөндөрүнөн сатып алууга мүмкүн ошондой эле белгилүү Аmazon, Rakuten ж.б. электрондук коммерция платформалары аркылуу сатылууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK