Кыргыз Республикасынын аймагында 22-марттан баштап өзгөчө кырдаал режими киргизилет

3194

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын аймагында 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилет

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү. 

Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министр билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунушуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкө аймагында 2020-жылдын 22-мартынан баштап 1 айлык мөөнөттө өзгөчө кырдаал режимин киргизет.

Премьер-министр кабыл алынган чечимге ылайык Өкмөт планды ишке ашырууга киришерин билдирди. Анда өзгөчө кырдаал режими киргизилгенде тартылган бардык мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринини тизмеси жана тартиби камтылган.

Өкмөт башчы белгилегендей, Бишкек жана Ош шаарларына, ошондой эле вируска чалдыккандар аныкталган райондорго өзгөчө көңүл бурулушу керек. 

Кеңешме учурунда бардык бейтаптарды кабыл алууга жетиштүү орундарды, 20 мүнөттүн ичинде жыйынтык чыгарган экспресс-тесттерди камсыздоо чараларын көрүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK