Бишкекке коронавирус инфекциясын дарылоого колдонулуучу дарылар алып келинди

Бишкек шаарына коронавирус инфекциясын дарылоого колдонулуучу дары-дармектер менен жүк жеткирилди.
Антикоагулянттар эноксапарин жана нандропарин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатып алынган.
Көрсөтүлгөн дарылар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берилди жана COVID-19га чалдыккандар дарыланган медициналык мекемелерге бөлүштүрүлөт.
Саламаттык сактоо министрлиги жана медициналык уюмдар күз-кыш мезгилинде вирустуу инфекциянын калк арасында жайылуусуна карата запас түзүү үчүн дары каражаттарын сатып алышат.