Премьер-министр Кубатбек Боронов: Дары-дармектерди сатып алуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш

3743

Дары-дармектерди мамлекеттик деңгээлде сатып алуу иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди. 

«Ооруканаларды жана поликлиникаларды тийиштүү медициналык каражаттар менен камсыздоо иши туруктуу негизде жүргүзүлүүсү зарыл. Мындан тышкары фармацевтикалык компаниялардын дары-дармектерди ташып келүүсүнө шарттарды түзүүнүн үстүндө иштөөнү күчөтүү керек. Ошол эле учурда дары-дармек каражаттарынын жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана баасын негизсиз жогорулатпоо үчүн көзөмөлдөө иштерин күчөтүү шарт», - деди Өкмөт башчы. 

Премьер-министр белгилегендей, Бишкек жана Ош шаарларында жаңы салына турган медициналык мекемелер жана аймактарда оңдолуп башталган имараттар жарандарга толук кандуу медициналык тейлөө көрсөтүүчү мекеме болушу шарт. 

«Курулуш жана оңдоп-түздөө иштери башталган медициналык жайларда интенсивдүү терапия жана реанимациялык орундар тийиштүү жабдуулар менен жабдылууга тийиш. Муну менен катар тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу жана аларды сатып алуу иши азыртадан жүргүзүлсүн», - деди Кубатбек Боронов.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK