Саясий кызматташтык

Кыргыз-өзбек мамилелери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө тараптардын тең укуктуулугу жана кызыкчылыктарын өз ара урматтоо принциптерине негизделген өнүгүүнүн динамикалуулугу менен мүнөздөлөт.

Дипломаттык мамилелер 1993-жылдын 16-февралында орнотулган. Бишкекте жана Ташкентте Элчиликтер ачылган.

1991-жылдан тартып 2006-жылга чейин жогорку деңгээлде 6 жолугушуу өткөн (4 визит Өзбекстанга жана 2 визит Кыргызстанга жасалган). 2007 жана 2013-жылдары Өзбекстандын Биринчи Президенти И.Каримов ШКУ саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген. Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу 2016-жылдын 24-июнунда Ташкенттеги ШКУ саммитинде жана 2016-жылдын 24-декабрында Самаркандда улантылган. 2017-жылы президенттер 6 жолу жолугушкан. 4 айда жогорку деңгээлде үч мамлекеттик/расмий визит жасалды, анын жүрүшүндө 42 документке кол коюлду, алардын эң маанилүүсү Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишим, Стратегиялык өнөктөштүк, достукту чыңдоо, ак ниет коңшулук жана ишеним жөнүндө, парламент аралык кызматташтык жөнүндө декларация, чек ара районундагы ишеним чаралары жана аскердик кызматташтык боюнча макулдашуу болуп саналат. Жогорку деңгээлдеги жолугушуулар 2018-жылы Астанадагы Биринчи консультативдик жолугушууда, Ашхабадда МФСА мамлекет башчыларынын саммитинде, 2018-жылдын 3-сентябрында Чолпон-Ата шаарында ТТКК катышкан өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинде улантылган.

2019-жылдын 29-ноябрында, Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Экинчи консультативдик жолугушуусу Ташкент шаарында өттү.

2020-жылы мамлекет башчылары беш жолу телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн (27-март, 4-май, 1-июнь, 24-июль, 14-ноябрь) жана ошондой эле видеоконференция форматындагы көп тараптуу аянтчалардагы сүйлөшүүлөргө катышкан (10-апрелде, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кезексиз жыйыны, 2020-жылдын 6-ноябрында КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумунда, ошондой эле 2020-жылдын 10-ноябрында ШКУ мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумунда).

Парламент аралык кызматташтык эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү аспекттеринин бири болуп саналат, бул жерде эки өлкөнүн парламентарийлери эл аралык байкоочулар укуктарында өз ара шайлоо процесстерине, Бишкекте өткөн түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) 7-пленардык жыйынына жигердүү катышышты. 2017-жылдын 20-декабрында эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.Жумабековдун Өзбекстанга расмий визити болду, анын жүрүшүндө Спикерди Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.Мирзиеев кабыл алган. Эки өлкөнүн парламенти 2018-жылга карата парламенттер аралыккызматташтыкты жүзөгө ашыруу боюнча Планга кол коюлган, кызматташтык боюнча парламент аралык комиссия түзүлгөн. 2018-жылдын 29-майында Өзбекстандын Фергана шаарында Парламент аралык комиссиянын 1-жыйыны өткөн.

Кыргыз Республикасынын парламентарийлери 2019-жылдын 22-декабрында өткөн Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасына жана Эл депутаттарынын Кеңешине шайлоого эл аралык байкоочулар катары катышты.

Туруктуу негизде өкмөт башчыларынын жолугушуулары өтүп турат, эки өлкөнүн премьер-министрлери жетектеген эки тараптуу кызматташтык боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясы иштейт. 2017-жылдын 16-августунда Бишкек шаарында өкмөттөр аралык комиссиянын 8-жыйыны өткөн. 2018-жылдын 29-мартында эки өлкөнүн Премьер-министрлеринин патронажы алдында чек ара облустарындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара облустарынын хокимдеринин Кеңешинин 1-жыйыны өткөн. 

2019-жылдын 1-августунда Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри А.Ариповдун Кыргызстанга жумушчу сапары болуп өттү. 2019-жылдын 16-мартында Ташкент шаарында Биринчи вице-премьер-министр К.Боронов Борбор Азия экономикалык форумуна катышып, анын алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары А.Раматов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. 2020-жылы өкмөттүк деңгээлдеги диалог телефон чалуулары жана видео конференция аркылуу болуп жатты.

2020-жылдын 8-декабрында Фергана шаарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Биринчи вице-премьер-министри А.Э.Новиковдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарынын хокимдеринин кезектеги үчүну жыйыны болуп өттү.

Эки өлкөнүн тышкы иштер органдарынын ортосунда тыгыз өз ара аракеттенүү жүрөт. Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилеринин, алардын орун басарларынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларынын ортосундагы кезектеги жолугушуулар жана консультациялар өткөрүлүп турат.

Тышкы саясат ведомстволорунун ортосунда 2016-2017-жылдарга жана 2018-2020-жылдарга ТИМдер ортосундагы кызматташтык программасына кол коюлган. 2017-жылы саясый, консулдук маселелер боюнча, маалыматтык камсыздоо жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча консультациялар, келишимдик укуктук база боюнча консультациялар өткөн.