Соода-экономикалык кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы соода жана экономикалык мамилелер туруктуу өнүгүп жатат, товар жүгүртүү деңгээли өсүү тенденциясына ээ.

Кыргыз Республиксынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы товар жүгүртүү 239,5 млн долларды түзсө, анын 107, 0 млн доллары экспортту, 132, 5 млн доллары импортту түздү.

Экспорттун негизги статьялары болуп, машина куруу продукциялары (өнөр жай үчүн жабдуулар жана механикалык шаймандар, ысытуу лампалары, транспорт каражаттарынын жана алардын бөлүктөрү); химиялык заттар (пластикалык жана каучуктарды, жуугуч заттар, органикалык жана органикалык эмес химиялык заттар); кара, түстүү жана баалуу эмес металлдар; рудалык эмес материалдардын продукциялары (цемент, эстеликтерди жасоо үчүн ар кандай таштар, сланец, чопо); көмүр, мунай азыктары; тамак-аш жана айыл чарба чийки заттары (тирүү мал, картошка, ар түрдүү тамак-аш азыктары, кант жана кондитердик азыктар) эсептелинет.

Өзбек Республикасынан Кыргыз Республикасына химиялык өнөр жайдын продукциялары (жер семирткичтер, химиялык, пластик, ж.б.); текстилдик жана жеңил өнөр жай азыктары (пахта, кездемелер, резина бут кийим); кара, түстүү, баалуу эмес металлдар; машина куруу продукциялары (өнөр жай үчүн жабдуулар жана механикалык шаймандары, учак, транспорт, машиналар жана жабдуулардын запастык бөлүктөрү, ж.б.); тамак-аш жана айыл чарба азыктары (жемиштер, ар кандай суусундуктар, кайра иштетилген жашылча жана жемиштер, ж.б.) жана башкалар импорттолот.

Кыргызстан жана Өзбекстанды «Бишкек-Ташкент» авиакаттамы, «Бишкек-Ташкент» автобусттук каттамы жана «Ташкент-Бишкек-Балыкчы-Ташкент» темир жол каттамы байланыштырат.