Өзбекстан Республикасынын гуманитардык жардамынын экинчи партиясын тапшыруу аземи болуп өттү

585

2020-жылдын 20-майында Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёевдин демилгеси менен өлкөдө коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында жөнөтүлгөн Өзбекстан Республикасынын экинчи гуманитардык жардамын Кыргызстан Республикасына тапшыруу аземи болуп өттү.

Өзбекстан Республикасынын атынан достук жардамды Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Ибрагим Жунусов тапшырды.

Иш-чарада ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү жана ММК катышты.

Гуманитардык жүктүн курамына медициналык керебеттер (440 даана), электрондук пирометрлер (1000 даана), медициналык коргоо костюмдары (2500 даана), медициналык мээлейлер (150 000 даана), ошондой эле медициналык бет каптар (150 000 даана) кирди. Жардамдын жалпы көлөмү 248 000 АКШ долл түздү.

Тапшыруу аземинин жүрүшүндө кыргыз тарап Кыргызстанда коронавирустун жайылуусу менен күрөшүүдөгү кезектеги колдоосу үчүн Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёевге жана бүт Өзбекстан элине чын дилинен ыраазычылык билдирди.

  • 2020-жылдын 20-майында Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёевдин демилгеси менен өлкөдө коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында жөнөтүлгөн Өзбекстан Республикасынын экинчи гуманитардык жардамын Кыргызстан Республикасына тапшыруу аземи болуп өттү.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK