Тышкы иштер министри

Жээнбек Кулубаев Молдоканович


1963-жылы Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган.
Билими:
- Москва аскердик институту;
- Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институту.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1992-1996-жылдары — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеген;
1996-1998-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка бөлүмүнүн башчысы;
1998-2000-жылдары — Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилигинин кеңешчиси;
2001-2003-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка бөлүмүнүн башчысы;
2003-2004-жылдары — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
2004-2006-жылдары — ШКУнун Аткаруучу катчысынын орун басары (Пекин шаары);
2006-2007-жылдары — Өзгөчө кырдаалдар боюнча элчи, Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;
2007-2009-жылдары — Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси;
2009-2013-жылдары Кыргызстандын Кытайдагы элчиси;
2010-2013-жылдары — Кыргызстандын Монголиядагы жана Сингапурдагы элчиси (резиденциясы Пекинде);
2013–2016 — Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин директору;
2016-жылдан 2018-жылдын октябрына чейин — Тышкы иштер министрлигинин төртүнчү саясий департаментинин директору;
2018-2021-жылдары — Кыргызстандын Казакстандагы элчиси;
2021-жылдын августунан тарта Президенттик Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган;
2022-жылдын 22-апрелинен баштап —Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин м.а.
Сыйлыктары:
"Даңк" медалы;
II даражадагы «Достық» ордени (Казакстан).