Москвада Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда кезектеги тимдер аралык консультациялар болду

2021-февралында Москвада Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштерминистринин орун басары Нуран Ниязалиев мененРоссия Федерациясынын Тышкы иштер министрининорун басары Андрей Руденконун деңгээлинде кезектеги тимдер аралык консультациялар болду.

Күн тартибинин эки тараптуу, эл аралык жана регионалдык негизги маселелери боюнча ачык жана ишенимдүү пикирлер менен алмашуу болду. Кыргыз-россия стратегиялык өнөктөштүгүн жанасоюздаштыгын тереңдетүүгө болгон өз ара даярдыктары ырасталды. 

Тараптар мамлекеттик байланыштардын бекемделишин шарттай турган жогорку деңгээлдеги байланыштардын маанилүүлүгүн белгилешти. Бул контекстте жакынкы күндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Россия Федерациясына боло турган алгачкы иш – сапарынын маселелери тыкыр талкууланды.

Үстүбүздөгү жылга саясий жана маданий, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылы депжарыялануу алкагында иш-чаралардын графигибелгиленди.

Соода-экономикалык, энергетикалык, туризм, маданий-гуманитардык, илимий, билим берүү жана башка чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтык үчүн коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен иш-аракеттердин жолдору, анын ичинде «Спутник V»россия вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү маселеси талкууланды.

Делегация башчылары эки тараптуу күн тартибинин негизги компоненттеринин бири болгон соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштардын деңгээлин карап чыгышты. Атап айтканда, экономика, айыл чарба, өз ара соода жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, энергетика, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай кооперациясы жаатында биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери каралды. Маселелердин кеңири спектри боюнча кызматташуунун укуктук базасын кеңейтүүгө болгонниеттер тастыкталды жана аны өркүндөтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар БУУ, ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ, ЕККУ жана башка ар тараптуу аянтчаларда конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даярдыктарын билдирди.

Консультацияларды аяктап жатып, тараптарстратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты, ошондой эле кыргыз-россия кызматташтыгынын бардык чөйрөлөрүндөгү Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы тыгыз кызматташтыкты андан ары бекемдөөнү ырасташты.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK