КРнын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси К/Өмүралиев ПТР тесттерди чыгарган "DS Bio ve Nano Teknolojileri A.Ş." түрк компаниясынын Башкы директору Динчер Шен менен жолугушту

2020-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев ПТР тесттерди чыгарган "DS Bio ve Nano Teknolojileri A.Ş." түрк компаниясынын Башкы директору Динчер Шен менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ыңгайлуу баада ПЦР тесттерин Кыргызстанга жеткирүү боюнча макулдашууга жетишишти. Ошол эле учурда, түрк компаниясы кыргыз адистерин окутуу үчүн өз адистерин бир жумага жиберүүгө жана кийинчерээк мини-лабораторияны түзө турган ПЦР анализин жүргүзүү үчүн QPCR жабдууларын өткөрүп берүүгө даяр.

Элчи К.Өмүралиевдин суранычы боюнча, Башкы директор Д.Шен Кыргызстанда ПЦР тестирлөөнү жүргүзүү үчүн толук кандуу лаборатория ачууга жана Кыргыз Республикасынын аймактарында тестирлөөнү жүргүзүү үчүн мобилдик лабораторияны жабдууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK