Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Бейшембиев Гвадар шаарында болуп өткөн “Kытай-Пакистан Экономикалык Коридору - Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн ишкердик мүмкүнчүлүктөрү” аттуу саммитине катышты

2020-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Бейшембиев Гвадар шаарында болуп өткөн “Kытай-Пакистан Экономикалык Коридору - Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн ишкердик мүмкүнчүлүктөрү” аттуу саммитине катышты. Бул саммит Равалпинди  Соода-Өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулуп, ага Пакистандагы Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн элчиликтеринин башчылары, Пакистандын саясий жана мамлекеттик лидерлери жана Пакистандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чарага 100дөн ашык компаниялардын өкүлдөрү катышты, алардын арасында: «Pakistan International Airlines», «Innovative Energy Solutions», «Qmarketing», «COPHC», «MPCL» ж.б.

Гвадар портунун инвестициялык, соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө иш-чаранын катышуучуларына кеңири маалымат берилди.

Кытай чет өлкөдөлүк портторунун башчылыгы кыргыз тарапка порт менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады жана ошондой эле Гвадар портун кыргыз ишкерлери үчүн ачууга даяр экендигин билдирди.

Саммиттин жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчиси Э.Бейшембиев саммиттин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берди.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK