КРдин эмдөө боюнча күбөлүктөрү Россияда таанылбагандыктан Москвага жумушка орношууда мекендештер башынан өткөргөн кыйынчылыктар тууралуу маалыматтык билдирүү

Кыргыз Республикасынын эмдөө боюнча күбөлүктөрү Россияда таанылбагандыктан Москвага жумушка орношууда мекендештер башынан өткөргөн кыйынчылыктар тууралуу социалдык тармактарда жана ЖМКда тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги төмөнкүнү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык, 2021-жылдын 10-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, тышкы соода жана инвестициялар Кыргыз Республикасынын эмдөө сертификаттарын чет мамлекеттер тарабынан таануу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүүдө. Вакцинация жөнүндө Кыргыз Республикасынын сертификаттарынын үлгүлөрү, аларды Россия Федерациясынын аймагында таануу жөнүндө өтүнүч менен дипломатиялык каналдар аркылуу Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдарына жөнөтүлдү. Бул маселе Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан Россиянын Тышкы иштер министрлигинде өткөн жыйындарында көтөрүлүүдө.

Россия тараптын маалыматы боюнча, кыргыз тараптын кайрылуусу учурда КРдин тиешелүү компетенттүү органдарында каралып, КР эмдөө боюнча сертификаттарын таануу процедурасы аягына чыга элек. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Россияда чет элдик сертификаттардын бири дагы тааныла элек.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Россия Федерациясына жумушка орношууда жана QR-коддорун алууда кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн, Элчилик Россия Федерациясына иштөөгө келүүнү көздөгөн мекендештер үчүн бара турган өлкөсүндө тастыкталган россиялык препараттарды алуусу максатка ылайыктуу деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын эмдөө сертификаттарын чет мамлекеттерде таануу боюнча иштер КР Тышкы иштер министрлиги, тышкы соода жана инвестициялар жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин линиясы боюнча улантылат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK