Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Э.Абдылдаев менен Бундестагдагы SPD фракциясынын тышкы саясат боюнча спикери Н.Шмид менен жолугушуусу жөнүндө

2021-жылдын 25-февралында Берлинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Э.Абдылдаев Бундестагдын депутаты, Германиянын Социал-Демократиялык партиясынын (SPD) тышкы саясат боюнча спикери Н.Шмид менен жолугушту.

Маектешүүнүн жүрүшүндө маектештер Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы ар кандай тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашты.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө жетишилген натыйжаларга жана эл аралык уюмдардын алкагында Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык мамилелерди жана Кыргызстан менен Баден-Вюртемберг Федералдык жеринин ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду. 

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK