Екатеринбург - Тамчы (Ысык-Көл) сезондук аба каттамдардын ачылышы жөнүндө

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы, атап айтканда  Урал Федералдык округунуна кирген россиялык субъектилердин тарабынан туристтик алмашуу үчүн шарттарды түзүү жана жүргүчүлөрдүн авиаташуусун көбөйтүү максатында, Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу менен «Уральские авиалинии» авиакомпаниясынын ортосунда  Екатеринбург - Тамчы («Ысык-Көл» эл аралык аэропорту) – Екатеринбург сезондук маршрутун ачуу жана жай мезгилинде Екатеринбургдан Бишкек жана Ош шаарларына аба каттамдарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө алдын-ала макулдашуу жетишилди.
Екатеринбургдан Тамчыга биринчи аба каттам жакынкы арада күтүлүүдѳ.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK