Чек ара жанындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды

2019-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сухроб Ходжа Олимзоданы кабыл алды.
Тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, мамлекет башчыларынын деңгээлинде өткөн жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну, атап айтканда, кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессинин динамикасын тездетүү зарылчылыгын талкуулашты.
Чек ара жанындагы кызматташтыкты бекемдөө, негативдүү көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерине өзүнчө көңүл бурулду.
Элчи С.Олимзода биргелешкен жемиштүү өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдирди жана эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө түрткү берүү үчүн пландалып жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымдады.