Кыргыз Республикасынын Элчиси Аида Исмаилова КР жарандарын сезондук айыл чарба иштерине тартуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Чхунчхон-Намдо провинциясынын Чхонъян уездинин айыл чарба саясатынын директору Ким Дёк Хван жетектеген делегация менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи А.Исмаилова Кыргыз Республикасынын жарандарын сезондук айыл чарба иштерине тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Элчи КР жарандарынын чоң эмгек потенциалын жана КР жарандарынын Корея Республикасында ишке орношууга болгон кызыгуусун белгиледи. Кыргыз тарап зарыл болгон учурда бул маселе боюнча эки тараптуу тийиштүү келишим түзүү, анын ичинде Корея Республикасына ишке жөнөтүүдөн мурун жарандарды алдын ала даярдоо мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Чхунчхон-Намдо провинциясынын Чхонъян уездинин айыл чарба саясатынын директору Ким Дёк Хван мырза корей тараптын кыргыз тарап көтөргөн маселени карап чыгууга, ошондой эле тийиштүү көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.

Элчилик Корея Республикасынын башка провинциялары жана райондору менен Кыргыз Республикасынын жарандарын сезондук айыл чарба иштерине тартуу боюнча активдүү иштерди улантууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK