Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок менен жолугушту

2021-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок менен жолугушту.

Тараптар Кечиорен муниципалитети менен Кыргызстандын муниципалитеттеринин ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүү жана иш сапарлар менен алмашуунун зарылдыгын белгилешти.

К.Өмүралиев буга чейин муниципалитет тарабынан кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун 2019-жылдын декабрь айында туулган күнүндө анын атындагы сейил бакка орнотулган бюсту үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар Кечиорен муниципалитетинин имаратынын алдындагы аянтта Манастын эстелигин орнотуу, ошондой эле «Эстергон чеби» Түрк маданият борборунан кыргыз эл чыгармачылыгынын улуттук буюмдарын көргөзмө-сатуу үчүн жай бөлүп берүү боюнча макулдашууну тастыкташты.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK