Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро айым менен жолугушту

2021-жылдын 1-октябрында Австриянын Вена шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро айым менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын тышкы саясат ведомствосунун башчысы Кыргызстан ЕККУ менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги маселелери боюнча кызматташууга чоң маани берет деп ишендирди.

Р.Казакбаев өлкөдөгү ички саясий абал, парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал Кыргызстан адам укуктарын урматтаган жана коргогон өлкө катары өзүнүн беделин мындан ары да чыңдоого умтула тургандыгын баса белгиледи.

КР ТИМ башчысы Кыргызстанда сөз жана ЖМК эркиндигинин деңгээли туруктуу өнүгүп жаткандыгын, Кыргыз Республикасында көз карандысыз маалымат каражаттарынын кесиптик даярдыгынын деңгээли жогору экенин белгиледи. Ошону менен бирге, өлкөдө ЖМКларды эркин каттоого жана алардын иштешине эч кандай тоскоолдук жоктугуна, мамлекеттик цензуранын жоктугуна көңүл бурду. Кыргыз Республикасында журналисттердин коопсуздугуна байланыштуу абал туруктуу болуп, медиа кызматкерлерине карата киши өлтүрүү же зомбулук фактылары жок экендигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын иликтөө иштерине эч кандай тоскоолдук жаралбай тургандыгын белгилеп өттү.

Министр Р.Казакбаев "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму тарабынан жарыяланган сөз эркиндигинин рейтинги боюнча 2021-жылы Кыргызстан 180-өлкөнүн ичинен 79-орунду ээлеп, 2018-жылга салыштырмалуу рейтингин 19 тепкичке жакшыртканын маалымдады.

Бул контекстте Р.Казакбаев Өкүлчүлүккө "Чек арасыз кабарчылар" рейтингинде биринчи орунду ээлеген өлкөлөргө баруу менен Кыргыз Республикасынын журналисттери жана ЖМК өкүлдөрү үчүн тренингдерди уюштурууга көмөктөшүүнү сунуштады.

Учурдан пайдаланып, министр өнөктөшүн Кыргыз Республикасына келүүгө чакырды.

Өз кезегинде Т.Рибейро Кыргыз Республикасында сөз эркиндигинин жана маалымат каражаттарынын, анын ичинде журналисттик иликтөөнүн жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи. Ал кыргыз жетекчилигинин журналисттердин коопсуздугун камсыздоо боюнча саясатын жана маанилүү саясий, экономикалык реформаларды жүргүзүүдө жана коомду андан ары демократиялаштырууда ЖМКнын негизги ролун кубаттады.

Өкүл айым уюмга мүчө мамлекеттер менен биргеликте жаңы чакырыктарга, анын ичинде дезинформацияга каршы күрөшүүнү уланта тургандыгын белгиледи.

Бюро Кыргыз Республикасынын бийлигине маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча милдеттенмелерин аткарууда, анын ичинде КР журналисттери жана ЖМК өкүлдөрү үчүн тренингдерди уюштурууда зарыл болгон бардык жардамды жана колдоону көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK