Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуусу болуп өттү

2021-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүсү, коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүү, үзгүлтүксүз авиакаттамдарды жаңылантуу сыяктуу кыргыз-россия кызматташтыгынын  күн тартибинин бир катар актуалдуу маселелери боюнча  пикир менен алмашышты, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдериндеги боло турган тышкы саясий   иш-чараларды талкуулашты.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK