Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиевдин Пакистанга болгон жумушчу сапарынын алкагында, Билим берүү жана кесиптик билим берүү министри Шафкат Махмуд жана Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолугушту

2021-жылдын 16-февралында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиевдин Пакистанга болгон жумушчу сапарынын алкагында, Билим берүү жана кесиптик билим берүү министри Шафкат Махмуд жана Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолугушту.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар орто жана жогорку билим берүү, кесиптик билим берүү, эки өлкөнүн университеттеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле Пакистан студенттеринин Кыргызстанда окутуу үчүн шарттарды жакшыртуу маселелерин жана Кыргыз Республикасынын медициналык университеттерин Пакистандын медициналык комиссиясынын "кара тизмесинен" чыгаруу жолдорун талкуулашты.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK