Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Э.Бейшембиев Пакистандын Премьер-министринин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Сайед Ахмед Марууф менен жолугушту

2021-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Э.Бейшембиев Пакистандын Премьер-министринин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Сайед Ахмед Марууф, ошондой эле бир катар стратегиялык изилдөө борборлорунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын алдыңкы стратегиялык изилдөөлөр борборлорунун ортосунда кызматташтыкты орнотуу, тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдөө жана басылмалар, ошондой эле форумдар жана семинарлар жөнүндө сүйлөшүштү.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK