Тышкы иштер министринин орун басары

Кемелова Динара Амантуровна

 

  • 1971-жылы 24-июлда туулган.


БИЛИМИ

  • 1988-1993-жж. – В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде эл аралык укук адистиги боюнча окуп, артыкчылык диплому менен акятаган.
  • 2012-2014-жж. – БУУнун Университетинин Туруктуу өнүгүү жана тынчтык институтунун аспирантурасында билим алып, туруктуулук, өнүгүү жана тынчтык боюнча илим магистри илимий даражасы ыйгарылган.
  • 2015-жылы Токио Университетинин (Туруктуу өнүгүү жана глобалдык лидерлик демилгеси боюнча программа) жана БУУ Университетинин (Туруктуу өнүгүүнү терең изилдөө институтунун) дипломдорун алган.

    Лондон университетинде (1994 – Queen Mary and Westfield College), Бирмингем университетинде (1996 – Human Rights Law and Practice Programme), БУУнун Женевадагы кеңсесинде (1997 – International Law Seminar), Know How Fund программасы аркылуу (1998 – Programme of Diplomatic Studies Course on Negotiation Diplomacy) ж.б. эл аралык укук, адам укуктары, эл аралык сүйлөшүүлөр боюнча ар түрдүү курстарда окуган.

КАРЬЕРА

  • Эмгек жолун 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык ук бөлүмүндө үчүнчү катчы катары баштаган.
  • 1995-2004-жж. Эл аралык-укуктук департаментте экинчи катчы, кеңешчи, андан кийин департаменттин башчысынын орун басары кызматтарын аркалаган.
  • 1999-ж. февраль-июнь айларында элчиликке көмөк көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигине кеңешчи катары убактылуу жөнөтүлгөн.
  • 2004-2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин биринчи катчысы.
  • 2008-ж. КР ТИМ Консулдук кызмат департаментинин консулдук-укуктук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
  • 2008-ж. октябрда Эл аралык экономикалык кызматташуу департаментинин директорунун орун басары кызматына которулган.
  • 2010-ж. февралынан тартып Эл аралык экономикалык кызматташуу департаментинин директору кызматын ээлеген.
  • 2010-ж. августунан 2012-ж. июлуна чейин – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары.
  • 2015-ж. сентябрынан 2019-ж. январына чейин – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары.
  • 2019-ж. январынан 2022-ж. февралына чейин – Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
  • 2022-ж. 3-мартынан бери – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары.

Англис, япон, корей (орточо деңгээлде), француз (баштапкы деңгээлде) тилдерин билет.

Дипломатиялык рангы – Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи.

СЫЙЛЫКТАРЫ

  • 2009-ж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.
  • 2017-ж. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.