Кыргызстанга Баку шаарынан 40 миң доза “AstraZeneca” вакцинасы менен гуманитардык жардам келди

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.Мадмаров жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Ж.Ташиев 2021-жылдын 16-июлунда «Манас» эл аралык аэропортунда, Баку шаарынан COVID-19дун жайылышын алдын агукнуть алкагында 40 миң доза вакцина «AstraZeneca» гуманитардык жардамды тосуп алышты. 

Кыргыз тарап Азербайжан Республикасына өлкөлөрдүн ортосундагы боордоштук мамилелердин көрүнүшү болгон бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, бул азербайжандык өнөктөштөр тарабынан Кыргыз Республикасына жиберилген биринчи гуманитардык жардам эмес. 2020-жылдын апрель айында 64 тонна медициналык жана антисептикалык каражаттар алынган.

Бул гуманитардык жардамды көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.А.Казакбаевдин 2021-жылдын 1-3-июлундагы Азербайжан Республикасына жасаган расмий сапарынын жыйынтыгында макулдашууларга жетишилген.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK