Кыргызстандын Румыниядагы Элчилиги Румыниянын Политехникалык университетинин ректору М.Костои менен жолугушту

2022-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Румыниядагы (резиденциясы Киев шаарында жайгашкан) Элчилиги Румыниянын Политехникалык университетинин ректору М.Костои менен жолугушту.

Кыргызстан тарап университет менен кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, Кыргызстандын ЖОЖдору менен байланыш түзүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Ректор М.Костои быйылкы окуу жылында Кыргызстандан келген абитуриенттер үчүн бекер квота берүүгө даяр экенин билдирди.

Университет Кыргызстандагы кызыкдар болгон ЖОЖдор менен келишим долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK