2022-жылдын 28-июлунан 29-июлуна караган түнү Москванын түштүгүндөгү хостелде болгон өрт тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Москванын түштүгүндөгү хостелде болгон өрт боюнча Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин маалыматына ылайык, төмөндөгүлөрдү билдирет.

2022-жылдын 28-июлунан 29-июлуна караган түнү Москва шаарынын Алма-Атинская көчөсүндө жайгашкан хостелдин аймагында өрт чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча, сегиз адам каза болуп, 200дөй адам эвакуацияланган.

Учурда Россия Федерациясынын укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын жана өрттүн келип чыгуу себептерин, ошондой эле өрттөн каза болгондордун өздүгүн жана жарандыгын аныктоодо.

Окуя болгон жерде Элчиликтин кызматкери жүрөт. Алдын ала маалымат боюнча, жатаканадагы өрттөн жабыр тарткандардын жана каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Бул маселе КРнын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK