Кыргыз Республикасынын делегациясы “Суу туруктуу өнүгүү үчүн” үчүнчү эл аралык жогорку деңгээлдеги конференцияга катышууда

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев жетектеген делегациясы жана курамына Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчиси Эрлан Абдылдаев, КРнын тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрү
2024-жылдын 10-13-июнунда Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында өтүп жаткан “Суу туруктуу өнүгүү үчүн” Үчүнчү эл аралык жогорку деңгээлдеги конференциясына катышты.

Конференциянын максаты – мамлекеттердин жалпы аракеттерин мындан ары активдештирүү жана “Суу – туруктуу өнүгүү үчүн” иш-аракеттер он жылдыгынын максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга колдоо көрсөтүү болуп саналат.

2024-жылдын 10-июнунда өткөн “Борбордук Азиянын суу жана климаттык форумунда” кыргыз делегациясынын башчысы сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан Париж Келишимдин максаттарына жетүү үчүн ыктыярдуу милдеттенмелерди ишке ашыруу боюнча ишти улантып жаткандыгын жана кырсык тобокелдиктерди азайтуу саясатын ишке ашырууга жигердүү катышууга даярдыгын белгиледи.

Конференциянын негизги пленардык жыйынында А.Сокеев өз сөзүндө Арал деңизинин бассейнинин суу ресурстарынын 40%га жакыны Кыргызстандын аймагында түзүлүп, анын 20%га жакыны биздин өлкө колдонсо, 80%ы аймактагы өлкөлөргө кетерин белгиледи.

Климаттын өзгөрүшүнүн шартында жана аймактагы мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши фонунда ирригациялык инфраструктураны модернизациялоонун жана заманбап технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул контекстте конференциянын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Бишкек шаарында энергияны жана суу ресурстарын үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү боюнча Регионалдык борборун түзүү демилгесин колдоого чакырды.

Делегация башчысы ошондой эле аймакты суу менен камсыздоодо маанилүү ролду ойногон тоо экосистемаларын коргоо жана сактоо боюнча биргелешкен аракеттердин зарылдыгын жана Кыргызстан тарабынан демилгеленген Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Конференциянын алкагында Кыргызстандын делегациясы эл аралык донордук уюмдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Тактап айтканда, Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен Кыргызстанда суу ресурстары тармагында ишке ашырылып жаткан долбоор талкууланып, долбоордун экинчи фазасын улантуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, анын чоо-жайы ушул жылдын июль айынын аягында Бишкек шаарында пландалган жолугушууда талкууланат.

Европа Биримдиги менен Кыргызстандын кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган суу тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлор Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү, Элчи Тери Хакала менен талкууланды.

БУУ ЕЭКтин жооптуу катчысынын орун басары Дмитрий Марясин менен жолугушууда кыргыз делегациясынын башчысы суу тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору, анын ичинде Ысык-Көлдүн деңгээлинин төмөндөшү тууралуу айтып берди. Белгилей кетсек, Дмитрий Марясин чек ара кызматташуусу боюнча параллелдүү иш-чарада Ысык-Көлдүн деңгээлинин төмөндөшү тууралуу жарыялаган болчу. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын суу долбоорлору боюнча тараптардын өз ара аракеттенүү пландары аныкталды.

Азия инвестициялык жана инфраструктуралык банктын адиси менен болгон жолугушууда айыл чарба тармагындагы келечектүү долбоорлорду талкуулоо үчүн анын Кыргызстанга боло турган иш сапарынын чоо-жайы аныкталды.

Нидерланд Королдугунун Элчиси жана Газпромбанктын өкүлдөрү менен жолугушуулар болду.

Кыргыз делегациясынын курамындагы Кыргызстандын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү Конференциянын алкагындагы мөңгүлөр, бассейндик суу ресурстарын башкаруу боюнча тематикалык форумдарга, ошондой эле параллелдүү иш-чараларга жана интерактивдүү диалогдорго катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK