Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтеринин консулдук кызматтарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин 31-жыйыны өттү

2024-жылдын 19-июнунда Москва шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (мындан ары – КМШга) мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтеринин консулдук кызматтарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин 31-жыйыны болуп өттү, ага кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору А.Букалаев катышты.

Иш-чаранын күн тартибинде 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынын, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциянын жана эки тараптуу Консулдук конвенциялардын нормаларын так аткарууга байланышкан маселелер каралды.

Санарип платформасын киргизүү аркылуу мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнү электрондук форматка өткөрүү, ошондой эле КМШга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан жарандардын электрондук документтерин таануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул маселелерди чечүү өз ара кызыкчылык туудурган маалымат алмашуунун ыкчамдуулугун жогорулатат, ошондой эле электрондук документтерди колдонууда жарандардын абалын жеңилдетет.

Жолугушуунун жыйынтыгында жогоруда аталган маселелерди чечүү жана Консультативдик кеңештин потенциалын жогорулатуу боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу чараларын камтыган Протоколго кол коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK