Министр Жээнбек Кулубаев принял Заместителя министра иностранных дел Государства Кувейт г-на Самих Исса Джохар Хаята

2024-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТИМ аралык кезектеги кеңешмелердин алкагында Бишкек шаарына келген Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министринин орун басары Самих Исса Жаухар Хаят мырзаны кабыл алды.

Министр Ж.Кулубаев 2024-ж. 12-июнунда Мангаф шаарында көп кабаттуу үйдө өрт чыгып 43 адамдын өмүрүн алып, 15 адам жараат алганына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты жана курман болгондордун жакындарына колдоо сөздөрүн айтып, жабыркагандар тезирээк сакайып кетишин каалады.

Кыргыз Республикасынын Тышкы саясат мекемесинин башчысы Ж.Кулубаев Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин жана түрдүү тармактардагы мамилелердин прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Кувейт делегациянын башчысы өз кезегинде, кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий кеңешмелердин бир күн мурда жемиштүү өткөнүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде айыл чарба, энергетика, туризм ж.б. тармактарды мындан ары кеңейтүүгө өз-ара кызыктар экендиктерин билдиришти.

Өзгөчө эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн реалдуу механизми боло ала турган Кыргыз-Кувейт өнүктүрүү фондун түзүү боюнча ишти улантуунун маанилүүлүгү белгиленди. Ошондой эле, бийик жана жогорку деңгээлдеги расмий сапарларды өз-ара алмашуу маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK